Кыргыз спорт
Кок бору

Көк бөрү. Эки өлкөнүн талашы туңгуюкка кабылдыбы?

Көк бөрү. Эки өлкөнүн талашы туңгуюкка кабылдыбы?
news-banner7
mobile-news-top

2018-жыл. Ысык-Көл. III Көчмөндөр оюндары. Дал ушул оюндарында көк бөрү боюнча Өзбекстан курама командасы финалга чыгып, дүң болгон эле. Муну утурлай, финалдык оюндан кийин кийинки жылы көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу Өзбекстанда өтө тургандыгы жарыяланган. Көк бөрү боюнча, көк пар эмес...

Албетте, башка өлкөлөрдө да көк бөрүнү өткөрүп, оюнду жайылтуу жакшы көрүнүш.

Ушундай таризде көпчүлүк эле ойлонгон. Бирок, азыркы учурду алсак, казактар ошондо эле мыйыгынан жылмайган өңдөнөт.

Андан кийин бир жыл ичинде жаңылык деле угулган жок. Өлкө ичинде мелдештер улана берди, Ынтымак менен Достук финалга чыга беришти.

Ушул жылдын күз айларында Улуттук көчмөндөр оюндары старт алды. Бул оюндар Дүйнө чемпионатына даярдык катары саналган. Бирок...

Ушул маалда Көк бөрү федерациясы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышпай тургандыгын билдирди.

Бул чечим коомчулукта экиге бөлүп койду, азыр деле бул талкуу токтой элек. Бири катыша бериш керек болчу десе, экинчиси туура чечим болду деп турушат. Күйөрмандарды кой, улакчылар арасында барып катыша берсек болмок дегендер болууда. Жөнөкөй оюнчулар эмес, Манас Ниязов, Рустам Тыналиев ушундай таризде айтышты.

Катышпай коюу бул өз позициябызды карманганыбыз деп түшүнсөк болот. Себеби, бул чемпионат кандай эреже менен өтөрү азыркыга чейин белгисиз бойдон. Федерациянын айтымында, мелдештин жобосун Өзбекстан эчак жибериши керек эле, бирок келген эмес. Казактардын көкпар эрежеси менен өтүлүп калса, анда тайказаны бар көк бөрүнүн эл аралык аренада аты артта калат. Дүйнө эли көк бөрү деген казактардын көк пар оюнунан келип чыккан турбайбы деп калышат. Андыктан, Казакстан көк парды эл аралык аренага чыгаруу аракетинде. Анткени, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин көк бөрүнүн аброю бир топ көтөрүлдү.

Көк бөрү болобу, көк пар болобу Кыргызстан катышып, бардыгын жеңип келсе кандай болот эле? Сценарий боюнча ушундай болгондо, эч кимде башка суроо жаралмак эмес.

Бул өз күчүбүзгө ишенбей жаткандыгыбызбы? Көк бөрүнү бизден башка өлкөдө ойношпойт, ойносо дагы эптей алышпай жатат. Тай казаны бар көк бөрүнү өлкөбүздө ойноп жатканыбызда нечендеген жылдар ашты.

Бул чемпионатка катышпай койсок, кийинки Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында да көк пар болуп калса кандай болот?

Албетте, суроолор биринин артынан бири жаралат.

Эки өлкөнүн талашы туңгуюкка кептелип бара жаткандай...

Источник: Кыргыз спорт Ошибка в тексте? Выделите и нажмите Ctrl+Enter
Комментарии